Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчынын балдызы депутат Евгения Строкованы сотко берди

Кыска кабар | 9 Сен 2019 | 578 | 0

Премьер-министр Мухамммедкалый Абылгазиевдин балдызы, «Эргене» коомдук фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкованы жоопко тартууну өтүнүп сотко кайрылды. Бул тууралуу депутат Строкова маалымат каражаттарына билдирди.

Анын айтымында, Сабырбекованын арызында депутатты жалаа жапканы жана туура эмес маалыматты тараткандыгы үчүн жарандык жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү келтирилген. Бул үчүн Таалайгүл Сабырбекова бир милллион сом моралдык чыгым жана расмий кечирим суроону талап кылган.

«Мен депутат Евгения Строкова айымдын өзүнүн айткан айыптоосунун ар бир пунтун жокко чыгаруусун өтүнөм”, — деп айтылат “Эргене” коомдук фондунун башчысынын арызында.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Евгения Строкова: «Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу камакка алынган дарыгерлерди колдоо митингин уюштуруучулардын артында «Эргене» коомдук фондунун башчысы Таалайгүл  Сабырбекова болушу ыктымал», — деп айткан болчу.

Абылгазиев-«Эргене»: Кайын журт менен кылынган кайрымдуулук

Copyright © 2017 Maral FM