Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев-«Эргене»: Кайын журт менен кылынган кайрымдуулук

Саясат | 22 мая 2019 | 1391 | 1

Өкмөттүн бир жыл мурда «Эргене» фондуна бөлгөн каражаты талкууга алына баштады. Маалыматка ылайык, өткөн жылы «Эргене» фонду 4-стадиядагы рак илдетине кабылган бейтаптарга жардам максатында акция уюштурганда, Өкмөттүн эсебинен 300 миң сом аталган фондго, 1,5 млн. сом Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө бөлүнгөн. Арадан бир жыл өтсө да, бул маселенин эми көтөрүлүп жаткандыгынын себеби, акыркы учурда коомчулукта кызуу талкууга алынып жаткан өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевге байланыштуу. Анткени, «Эргене» фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова Иманкадыр Рысалиевдин жубайы, премьер-министрдин балдызы.

Мындан улам, «Фондго акча бөлүүдө жеке кызыкчылыктар болушу мүмкүн», — деген кептер желдей тарады. Деген менен ошол кайрымдуулук марафонуна катышып, каражаттын сертификатын тапшырган вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бул сөздөрдү четке кагат. Анын айтымында мындай жардамдар «Эргене» фондуна гана эмес, башка жеке тараптарга да берилип келген.

Бизге «Эргене» фонду: «Рак илдетине чалдыккандарга дары-дармек алуу муктаждыгынан улам, марафон өткөрүп жатабыз, түшкөн каражаттарды ооругандарга жардам катары беребиз», — деп кайрылган. Өкмөт мындай акцияларга көп эле катышып келет. «Эргене» фондуна да Өкмөт тарабынан 300 миң сом берилген. Жардамга кол сунгандарга Өкмөт даяр. Андай жардамдар башкаларга да берилип келет. Мына жакында эле Каба уулу Кожомкул атындагы фонд дагы 130 жылдык өткөрүү үчүн жардам сураган. Аларга да жардам берилет. Андан тышкары, жеке тараптар да кайрылат. Оор абалда кайрылгандарга жардам берүүгө Өкмөт дайым даяр. Анын үстүнө рак илдетине кабылгандардын абалы оор.

Бирок Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук Кеңешинин мүчөсү Бактыгүл Жумакулова: «Туугандык байланыш деген кептерде чындыктын пайызы болушу мүмкүн», — деп ойлойт. Анткени, мындай суммадагы жардам бейөкмөт уюмдарга биринчи жолу берилген. «Ошондуктан, бул кепти төгүнгө чыгаруу үчүн атайын комиссия бөлүнгөн каражатты текшериши керек», — деди.

Анткени, менин билишимче бейөкмөт уюмдарга берилген мындай суммадагы жардам тарыхта биринчи жолу болуп жатат. Өкмөт бардык эле мамлекеттик эмес уюмдарга мындай каражат бере бербейт. «Эргене» фондуна Өкмөттөн каражат бөлүнүшүнө премьер-министр менен фонддун жетекчилеринин тууганчылык жагы таасир бериши мүмкүн деп ойлойм.

«Мыйзамга ылайык, өкмөт башчынын фонду түздөн-түз бюджетке карайт. Ал эми бюджеттен бейөкмөт уюмдарга каражат бөлүү туура эмес», — дейт укук коргоочу Калича Өмүралиева. Анын үстүнө, канчалаган бейөкмөт уюмдардын ичинен өзгөчө өкмөт башчынын балдызы жетектеген фондго акча бөлүү этикага да жатпасын белгилейт.

— Өкмөт башчынын фонду бюджеттен каржыланат. Ошондуктан, бул бюджеттин акчасы болгондон кийин, кимге, кандай шартта берүүнүн эрежеси бар. Өкмөт башчы өзүнүн чөнтөгүнөн акча бере алат, бирок бюджеттен берсе, мыйзамдын чегинде болушу керек. Ал эми «Эргене» фондуна акча бергени мыйзамсыз деп ойлойм. Анын үстүнө, ошончо фонддун ичинен тууганынын фондуна бергени этикага да жатпайт.

Өкмөт башчынын фонду түздөн-түз бюджетке караганы менен андан каражат бөлүү маселеси жобого жараша ишке ашырыларын КР Эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев айтат. Эгерде ал фонддун аткарган иши кандайдыр бир деңгээлде мамлекеттик органдын функциясын аткарып, көмөк көрсөтүп жатса, ал учурда берүүгө болот.

— Фонд жөнүндө атайын жобо бар. «Качан, кайсы шартта, канча сом бере алат?» — деген суроолор камтылган. Бирок азыр так айта албайм. Эң негизги жери, эгерде ошол фонд мамлекеттик органдын кандайдыр бир функциясын аткарып жатса, анда берүүгө болушу мүмкүн. Мисалы, жашы жете элек балдарды коргоо сыяктуу фонддор болсо, бул категорияга кирет. А эгерде мындай болбосо, жобого туура келбей, бөлүнгөнү мыйзамсыз болуп калат.

Ал арада «Эргене» фонду маалымат баракчасына 2018-жылдын 12-декбарында өткөн кайрымдуулук кечесинде топтолгон каражаттар кайда коротулганы тууралуу отчетун жарыялады. Жалпы топтолгон 875 миң 110 сомдун 352 миң 432 сомун «Эляй»,  522 миң 540 сомун «UniHelp» компаниясына ооруну басаңдатуучу дары-дармек алуу үчүн которгон.

Акча которгондордун арасында Өкмөттөн 300 миң сомдук сертификат менен Президенттин Аппаратынан каржылык колдоо катары 100 миң сом бөлүнгөн.

1 пикир

1 пикир

  1. Кымбат

    26.05.2019 19:59

    Эргене фонду коп жылдан бери рак оорусу менен ооругандарга жардамын берип келет. Ал жаман оорунун акыркы стадиясы учурунда ооруну баса турган дары керек. Окмот тарабынан толук жеткирилбейт андай дары. Эргене ошондой дары менен жардам берет. Эргенедей так Жана таза иштеген фонд аз. Жетектеген Таалайкул баардык жагынан адамдык касиети жогору.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM