Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кыргызстанда алгачкы ирет комуз күнү белгиленет

Кыска кабар | 9 Сен 2019 | 492 | 0

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргызстанда биринчи ирет комуз күнү белгиленет. Бул күн президент Сооронбай Жээнбековдун июль айындагы «Комуз күнү жөнүнүдөгү» жарлыгынан кийин майрам күнү болуп калды.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бул күндүн программасын жарыялады:

10:00. Кыргыз улуттук консерваториясында илимий-практикалык конференция;
12.30. Абдылас Малдыбаев атындыгы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанындагы Токтогул Сатылгановдун эстелигинин алдында эскерүү иш-чарасы;

16:30. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын фойесинде «Комуз – улуттун сыймыгы» аттуу сүрөт көргөзмө;

18.00. Жогоруда аталган мекеменин чоң залында гала-концерт өтөт.

Мындай иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM