Connect with us

Талас облусу: Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча штаб өз ишин баштады

Кыска кабар | 6 Сен 2019 | 664 | 0

Талас шаарында Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча штаб ачылып, маданий иш-чараларды даярдоо иштери башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, Көчмөндөр оюндары ушул жылдын 16-сентябрынан 21-сентябрына чейин Талас облусунда өтөт. Буга ылайык, улуттук спорт оюндары 16-сентябрда, маданий иш-чаралар 19-сентябрда башталуусу күтүлүүдө.

Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин көчмөндөр оюндарын жалпы өлкөгө жайылтуу максатында жыл сайын ар бир облуста Улуттук Көчмөндөр оюндарын өткөрүп туруу демилгесин көтөргөн.

Улуттук көчмөндөр оюндарынын максаты этномаданиятты жандандырып, өркүндөтүү болуп эсептелет. Ошондой эле, улут аралык ынтымакты чыңдоого үндөйт.

Copyright © 2017 Maral FM