Биз менен байланышыңыз

Улукбек Кочкоров мындан ары жарандарды онлайн түрүндө кабыл алат

Кыска кабар | 6 Сен 2019 | 1670 | 1

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров мындан ары министрликтин райондордогу башкармалыктарынын жардамы менен алыскы аймактардын тургундарын онлайн түрүндө кабыл алып, арыздарын угуп, аларга ыкчам жардам берет. Бул тууралуу кеңешчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Төмөндөгү график боюнча жарандар райондук башкармалыктардын байланыш телефондору аркылуу алдын-ала кабылдамага жазылып, министр менен түз баарлашууга мүмкүнчүлүк алса болот. Ар жуманын жума күнү эки райондун жарандары менен онлайн баарлашат.

Ош шаары. 6-сентябрь, саат 15:00 – 15:40 убактысында Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын имаратында. Дина Анарбаева Телефону: (03222)22538

Кара-Суу району. 6-сентябрь, саат 15:50 – 16:30, Куттубек Абдуллаев, телефону 0323250606

Copyright © 2017 Maral FM