Биз менен байланышыңыз

Насыр Мусаев мандатын тапшырды

Кыска кабар | 5 Сен 2019 | 355 | 0

Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Насыр Мусаев мандатын тапшуруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жолдоду. Бул тууралуу БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов «Маралга» билдирди.

Маалыматка ылайык, ден соолугуна байланыштуу депутат Насыр Мусаев мандатын өткөрүп берүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган. Арыз БШКнын жакынкы отурумунда каралмакчы.

Эске салсак, Насыр Мусаев Жогорку Кеңешке 2018-жылдын апрель айында ант берип, ошол бойдон ден соолугуна байланыштуу парламенттик жыйындарга катышкан эмес.

Copyright © 2017 Maral FM