Биз менен байланышыңыз

Нотариалдык документтердин Бирдиктүү электрондук базасынын тартиби бекитилди

Кыска кабар | 5 Сен 2019 | 359 | 0

Нотариалдык документтердин Бирдиктүү электрондук базасын жүргүзүүнүн тартиби бекитилди. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухеммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Нотариат системасына маалымат технологияларын киргизүү электрондук нотариалдык өндүрүштү киргизүүнүн эсебинен коомдо укуктук мамилелердин туруктуулугун камсыздоо үчүн киргизилүүдө.

Нотариалдык документтердин базасын киргизүү менен башка мамлекеттик маалымат тутумдарынан маалыматты алууга жана берүүгө, өз ара аракеттешүүгө мүмкүнчүлүк  берет.

Бул тартип нотариалдык аракеттерди каттоонун электрондук реестрин, мурас иштеринин реестрин жүргүзүүнүн эрежесин аныктайт.

Тартипте электрондук тутумдун менчик ээси жана оператору болуп Юстиция министрлиги саналат деп каралган, анткени, нотариалдык иш жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча иш-милдеттерди камсыз кылган мамлекеттик орган болуп саналат.

«Электрондук нотариус» маалыматтык системасы нотариустардын бардык нотариалдык иш-аракеттердин электрондук түрдө жүргүзүлүүсүнө жана документтердин  жасалмалуулугун саналуу секунддардын ичинде аныктоо мүмкүнчүлүгүнүн түзүлүүсүнө, мамлекеттик дагы, жеке менчик дагы нотариустардын ишинин ачыктыгын камсыздоого багытталган.

Бул системанын ишке кирүүсү менен нотариустардын мыйзамсыз жана туура эмес иш-аракеттери жокко чыгарылат. Ишмердүүлүктүн ачык болушу, бир четинен нотариалдык аракеттердин сырдуулугун ишенимдүү камсыз кылат, экинчи жагынан жалпы нотариат системасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет.

Copyright © 2017 Maral FM