Биз менен байланышыңыз

Түштүк Африкада алкоголдук ичимдиктерге тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Июл 2020 | 464 | 0

Коронавирус айрым өлкөлөрдө токтоду делгени менен, кээ бирлеринде вирустук инфекциянын экинчи толкуну жүрүүдө. Түштүк Африка республикасы (ТАР) вирусту жуктургандардын саны кайрадан өскөндүктөн, алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салды. Ошондой эле, саат 21:00дөн таңкы 4кө чеийн коменданттык саат киргизди.

Өлкө президенти Сирил Рамафостун айтымында, жаңы чектөөлөр саламаттыкты сактоо системасындагы кыйынчылыкты жеңилдетүү үчүн кабыл алынды.

«Бир топ адамдар түнкү кечелерди өткөрүшүп, алкоголго мас болуп алып жатышат. Ошондой эле, айрым эл көп чогулган жерлерде да беткапсыз жүргөндөр көп болууда,»- деди президент.

ТАР Африка континенти боюнча коронавирустан эң көп жабыркаган өлкө болду. Соңку маалыматтарга ылайык, 276 миңден ашык вирус жуктургандар катталса, анын 4 миңден ашыгы каза болду.

Пандемиянын биринчи толкунунда ТАР алкоголдук ичимдиктеге тыюу салган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM