Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдөгү жакырчылык 10 пайызга кыскарды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Сен 2019 | 575 | 0

2018-жылдын эсебинен дүйнөдө жарды жашайт деп 1,3 миллиард калк катталган. Алардын 560 миллиону Африка өлкөлөрүнөн, 546 миллион Түштүк Азия, 118 миллиону Чыгыш Азия жана Тынч океан аймактарында, 66 миллиону араб өлкөлөрүндө, 32 миллиону Латын Америка жана Кариб деңизи, 4 миллиону Европа жана Борбордук Азияда отурукташкан. Мындай жыйынтык Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысынын баяндамасында айтылды.

Баяндамада айтылгандай, 1990-жылы кедей жашаган эл жалпы калктын 36%ын түзгөн. Андан бери бул көрсөткүч 10%га кыскарган. Бирок, мындай темп “2030-жылга чейин массалык жакырдыкты жоюу” тапшырмасынын толук аткарыларына күмөн туудурарын белгилейт баяндаманын катышуучулары.

Copyright © 2017 Maral FM