Бүгүн, 1-сентябрда саат 07:00дөн баштап Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинен жалпы 199 куткаруучу Алар-Арча эс алуу жайындагы өрттү толук өчүрүү иш-чараларын улантууда. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
31-август күнү Ала-Арча эс алуу жайында тоонун боорунда жана чокусунда бадал өсүмдүктөрүнөн жана куураган чөптөн өрт чыгып, саат 20:15те чектөөгө алынган.
Өрттү толук өчүрүү боюнча кошумча маалымат берилет.