Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад: Борбордук базардан чыккан өрттүн кесепети такталууда

Кыска кабар | 21 Авг 2019 | 511 | 0

20-августтан 21-августкакараган түнү саат 00:33тө Жалал-Абад шаарынын Бакиев жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан борбордук базардан өрт чыгып, өрттүн кесепетинен болжол менен жалпы аянты 2500 чарчы метрди түзгөн соода түйүндөрү жана күндөлүк турмуш тиричиликке керектелүүчү товарлар күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинен жалпы 6 бөлүм тартылган. Мындан сырткары РЭТ мекемесинен 1 бригада, тез жардам кызматынан 2 бригада, газ чарба кызматынан 1 бригада, Экотехинспекциядан 4 кызматкер, ИИМден 170 кызматкер, Жол коопсуздугун жөнгө салуу бөлүмүнөн 2 экипаж  тартылган.

Өрт саат 01:50дө чектөөгө алынып, саат 04:15те толук өчүрүлгөн. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM