Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда экинчи жер өтмөк пайдаланууга берилди

Кыска кабар | 9 Окт 2019 | 668 | 0

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борбордук Ленин көчөсүндөгү экинчи жер өтмөк ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Өтмөктүн курулушу май айында башталган. Узундугу 40, туурасы 9 метрди түзүп, ал өткөн жылы курулган биринчи жер өтмөк менен туташат. Анда 24 соода түйүнү орун алып, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар каралган. Өтмөк борбордук Ленин көчөсүндөгү автоунаа жана жөө жүргүнчүлөрдүн башаламан кыймылын жөнгө салуу жана тургундардын жолдо жүрүү коопсуздугун сактоо максатында курулган.

Бүгүн анын ачылыш салтанаты болуп, калаа мэри, шаардык кеңештин төрагасы баштаган депутаттар тобу, аксакалдар жана шаар тургундары катышты.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинен экинчи жер өтмөктү курууга 30 миллион сомдон ашуун акча каражаты каралып, анын тендердик наркы 21 миллион сом деп бааланган. Жумуш иштерин «Сафари” курулуш компаниясы жүргүздү.

Copyright © 2017 Maral FM