Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад: 2000-жылы туулган кызды сатууга шектелген аял кармалды

Кыска кабар | 19 Авг 2019 | 539 | 0

Жалал-Абад шаарында 2000-жылы туулган кызды сатууга шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматты текшерүү учурунда, Жалал-Абад шаарынын 42 жаштагы жашоочусу Ч. М.аттуу жаран 2000-жылы туулган М.Д. аттуу кызды 100 миӊ сомго сатууну көздөп жаткандыгы аныкталган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан сатып алуу жүргүзүлүп, маалыматты текшерип көрүшкөн. Кыз сатууну каалаган аял кызды 100 миӊ сомго баалап, аягында баасын түшүрүп, нак акча болсо 50 миӊ сомго эле сата турган болгон.

Натыйжада криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан кызды тез арада куткарып калу операциясы иштелип чыгып, милиция кызматкерлери алармандын ролунда сатуучу аял менен байланышка чыгышкан. 

Натыйжада, алдын ала даярдалган акчаны берүү учурунда, Жалал-Абад шаарынын «Нур» мейманкананын короосунда 1977 жылы туулган Ч.М. кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Окуя Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси боюнча катталып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Кылмышка шектүү Ч.М.нын баш коргоо чарасы 16-августта Ош шаардык соту тарабынан каралып, аны тергөө аяктаганга чейин абакта кармоо чечими чыккан.

2000-жылы туулган М.Д бошотулуп, учурда кыздын жакындары такталууда. Кыз моралдык-психологиялык басымга дуушар болуп, коркуп калган абалда болгон.

Copyright © 2017 Maral FM