Биз менен байланышыңыз

Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абадда коронавирустун жайылышына мэрияны айыптады

Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 1297 | 0

Жалал-Абад шаарындагы акыркы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 22-июнда шаардык кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулушту. Анда депутат Тай-Мурас Ташиев мэриянын коронавируска каршы ишин сындады.

Шаардын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова COVID-19дун алдын алуу үчүн көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалымат берди. Ал эми Ташиев: «Эч нерсе кылган жоксуңар», — деп белгиледи. Анын айтымында, ал иштеткен кафеге жергиликтүү бийлик органдары бир да жолу басып барган эмес.

«Кылган ишиңердин жыйынтыгы нөл. Эч нерсе кылган жоксуңар. Ошентип бүгүн ковид көбөйүп жатат. Кандай иштерди кылдыңыз, ошолорду так айтып кетиңизчи? Сүрөткө түшкөндөн башка не кылдыңыз? Мен өзүм кафе иштетем, бир жолу да басып келген жоксуңар, бир жолу! Эч ким маска таккан жок, кафелерде, администратордон баштап официантка чейин маскасы жок. Баргыла, чара көрбөйсүңөрбү ошолорго» , — деди Ташиев.

Таштанбекова айып пулдун өлчөмү 1000-3000 сомго чейин болгондуктан ишкерлер аларды тоготпой жатканын, көптөрү: «Штраф төлөп койсом эле болду», — деген кайдыгер мамиле жасаарын айтты.

Тай-Мурас Ташиев бийлик өкүлдөрүнө милиция менен чыгып текшерүүнү сунуштады.

Эске салсак, 1-июлдан тартып Жалал-Абад шаарындагы тойканалар ишин убактылуу токтотот.

Мындан сырткары, 22-июндан тартып коронавирустун алдын алуу максатында облустук төрөт үйү, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин облустагы филиалы, Сузак районунун аймагындагы бала бакчалар убактылуу жабылды.

Copyright © 2017 Maral FM