Биз менен байланышыңыз

Алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды

Кыска кабар | 17 Фев 2020 | 529 | 0

Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында алкоголдук продукцияны ишкердикке тийиштүү лицензиясы жок сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. 

Тактап айтканда, Жалал-Абад шаарындагы дүкөндөрдүн биринде ар кандай ассортименттеги 800 бөтөлкө спирт ичимдиги, ал эми Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда 101 бөтөлкө табылып, тартып алынды.

Азыркы учурда сотко чейинки териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM