Биз менен байланышыңыз

Билим берүү кызматкерлеринин айлыгын эсептөө автоматташтырылат

Кыска кабар | 5 Фев 2020 | 611 | 0

Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин маянасын эсептөөнү автоматташтыруу үчүн райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн борборлоштурулган бухгалтерия кызматкерлеринин биринчи тобун окутуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымат кызматы билдирди.

Жаңы система — эмгек акыны кол менен эсептөөнү токтотот, бул процессти жеңилдетет, эмгек акыга каралган каражаттардын эффективдүү, максаттуу жумшалышын камсыздайт, финансылык тартипти бузуунун көлөмүнүн кескин төмөндөшүнө шарт түзөт, негизсиз маяна алып жүргөн учурларды ачыкка чыгарууга жана бухгалтердик эсепти так жүргүзүүгө жол ачат. Ошондой эле, тиешелүү текшерүү органдары берген кемчиликтер ордуна келет жана ар бир мугалим эмгегине жараша айлык акы алат.

Окутуу-семинары 15-февралга чейин Билим берүү жана илим министрлигинин имаратында өтөт. 10 күндүн ичинде бардык облустун эсепчилерин үйрөтүү мерчемделген. Cеминардын соңунда райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн бухгалтериясына жалпы 55 компьютер тапшырылат.

2019-жылдын ноябрь айынан баштап бул система Ысык-Ата, Түп райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын билим берүү башкармалыктарында пилоттук негизде апробациядан өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM