Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Асрандиевди издөө иштерин күчөтүүнү тапшырды

Кыска кабар | 31 Авг 2019 | 671 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана тиешелүү органдарга Ысык-Көлдөн сүзүп өтүү маалында дайынсыз жоголгон Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиевди издөө иштерин күчөтүү жана бардык күчтөрдү мобилизациялоону тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Асрандиев бүгүн, 31-августта Ысык-Көлдүн Кара-Талаа айылынан Тору-Айгыр айлына 25 чакырымдык сууну кесип сүзүп өтмөк болгон. Бирок, кечки саат алтылар чамасында көл үстүндө катуу толкун башталып, жанындагы кайыкчан жандоочулар Асрандиевди таппай калышкан.

Учурда издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн, Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 3, Тоң райондук №38 ӨКБдан 5 жана Суучулдар кызматынан 2 жалпы 10 куткаруучу тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM