Биз менен байланышыңыз

Азиз Суракаматов: Эгемендүүлүктүү сактоо ар бирибиздин милдетибиз

Кыска кабар | 31 Авг 2019 | 454 | 0

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракаматов «Ала-Тоо» борбордук аянтында Эгемендүүлүк күнүнүн 28 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаранын ачылышында кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«31-август саясий, тарыхый мааниси зор улуу күн. Ар бир кыргызстандык үчүн ыйык майрам. Баарыңыздарды мамлекетибиздин эң негизги майрамы эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бактыбызга келген эгемендүүлүктүү сактоо ар бирибиздин мойнубуздагы чоң милдет. Бул майрам Кыргызстаныбызга болгон сүйүүбүздүн, улуттук биримдиктин майрамы. Ала -Тообуз аман болсун!«-деп куттуктады Азиз Суракаматов.

Copyright © 2017 Maral FM