Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Бишкекке жашыл шаар деген аталышын кайтарып беребиз (сүрөт)

Кыска кабар | 30 Авг 2019 | 750 | 0

«Биз Бишкекке жашыл шаар деген аталышын кайтарып беребиз», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-августта, Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Абсамат Масалиев көчөсүнүн кесилишинде жаңы сейил бактын ачылышында.

Мамлекет башчысы бишкектиктерди жана борбордун конокторун шаардын турмушундагы маанилүү иш чара менен куттуктап, мурда Фрунзе шаары өзүнүн тазалыгы жана жашыл шаар катары Советтер Союзуна атак-даңкы чыкканын баса белгиледи.

«Тилекке каршы, акыркы жылдары биз жашыл шаардын наамын жоготуп алдык. Кыш мезгилинде от жагуудан улам шаарыбыздын үстүн түтүн каптап жатат.Борбор калаадагы курулуш саясаты толугу менен кайрадан каралып чыгат, өзгөчө көңүл ирригациялык система, сугат арыктарына бөлүнөт. Мындан тышкары биз мыйзамсыз ээлеп алган парк жерлерин шаарга кайтарып алуу боюча жумуштарды улантабыз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ошондой эле шаардын жогору жагындагы жерлерге шаардыктар үчүн эс алуучу, спорт менен машыгуучу жана сергек жашоо образын колдоочу ден соолукту чыңдоо, спорттук комплекстерди, бизнес-борборлорду жана башка инфраструктураны куруу боюнча пландары менен бөлүштү.

Эске салсак, бул паркты курууга капсула ушул жылдын апрель айында салынган.

 

Copyright © 2017 Maral FM