Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков жаңы паркты «Ынтымак» деп атоону сунуштады

Кыска кабар | 30 Авг 2019 | 345 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-августта, Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы жаңы парктын ачылышында анын атын «Ынтымак» («Дружба») деп атоону сунуштады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Бул жерге өлкөнүн бардык булуң-бурчунан биздин мекендештерибиз өздөрүнүн бош убактысын өткөрүү үчүн келишет. Ата-энелер балдары менен эс алышат. Биз үчүн эң башкысы — бул ынтымак, биримдик жана достук. Ошондуктан сейил бакты «Ынтымак“ деп атоону чечтик. Бул борбордун тургундарын жана конокторун, бардык кыргызстандыктарды бириктирген жай болсун», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM