Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков БУУнун Башкы катчысынын орун басары менен жолугушту

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 399 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июнда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келген БУУнун Башкы катчысынын саясий жана тынчтык маселелери боюнча орун басары Розмари Ди Карло менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент демократиянын принциптерин бекемдөөдө жана шайлоо системасын өркүндөтүүдө Кыргызстандын аракеттерин колдоп жатканы үчүн Бириккен Улуттар Уюмуна ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, БУУну санариптик технологияларды киргизүү, аймактарды өнүктүрүү жана айыл калкын таза суу менен камсыз кылуу боюнча кызматташууну улантууга чакырды.

БУУнун Башкы катчысынын орун басары Розмари Ди Карло бул Кыргызстанга жасаган алгачкы иш сапары экенин белгилеп, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутеррештин саламын жолдоду. Андан тышкары, демократиялык принциптерди илгерилетүү боюнча аймактык лидер болуп эсептелген Кыргызстан менен кызматташууну БУУ артыкчылык катары эсептей турганын билдирип, мындан ары бардык маселелерди чечүү үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM