Биз менен байланышыңыз

Москва көчөсү колдонууга берилди

Кыска кабар | 30 Авг 2019 | 491 | 0

Бүгүн, 30-августа Бишкек шаарынын Москва көчөсүнүн Манас проспектисинен Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүн оңдоп-түзөө иштери бүтүп, колдонууга берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Көчөнү оңдоо иштери Кытайдын «Бишкек шаарынын жолдорун калыбына келтирүү» долбоорунун алкагында гранттык каражаттардын эсебинен жүргүзүлдү.

Эске салсак, белгиленген планга ылайык оңдоо иши 30 күн ичинде аякташы керек болчу. Бирок Кытайдын «China Road и Bridge Corporation» компаниясы эки сменада иштегендигине байланыштуу жол белгиленген убактан эрте бүткөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM