Биз менен байланышыңыз

Боронов кышкы жылуулукту камсыздоо иштерин сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды

Кыска кабар | 30 Авг 2019 | 343 | 0

Жылытуу мезгилине эки ай калганына карабастан ар бир жетекчинин экономика тармактарын жана республиканын калкын энергосистемага кыйла көп күч келген кышкы мезгилден туруктуу өтүүнү камсыздоо маселеси боюнча позициясы так аныкталышы керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов экономика тармактарын жана калкты 2019/2020-жылдын жылытуу мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 27-августуна карата абал боюнча Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 16,9 млрд м3 түздү. Токтогул суу сактагычына суунун топтолуу агымы сугат мезгилинде (апрель-сентябрь) орточо жылдык көлөмдүн 86% деңгээлинде күтүлүүдө. Демек, ГЭСтер менен жылуулук электр станцияларынын ортосунда электр энергиясын карап чыгууну бөлүштүрүү маселесин кылдаттык менен иштеп чыгуу зарыл.

Кубатбек Боронов бөлүштүрүүчү электр компанияларынын айрым жетекчилери электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимиттери боюнча Өкмөттүн тапшырмасын аткарууга талаптагыдай көңүл бурбай жатышканына басым жасады.

Быйыл Кара-Кеченин көмүрүн берүүнүн көлөмү көбөйтүлгөн, Бишкек шаарынын ЖЭБи үчүн эле 680 миң тонна алып келиш керек.

Котельный жабдуулардын ремонту белгиленген мөөнөттүндө аткарылып атат. Бүгүнкү күндө «Бишкек жылуулук энергодо» 66 котельныйдын 52си оңдолуп бүткөн, «Кыргыз жылуулук энерго» ишканасында – 131 буу казандын 126сы оңдолгон.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов энергетика ишканаларынын жетекчилери аткарылуучу оңдоо жумуштарынын мөөнөттөрүн эле эмес, иштин сапатын да өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.

 

Copyright © 2017 Maral FM