Биз менен байланышыңыз

Москва көчөсүн оңдоп-түзөө иштери аяктады (сүрөт)

Кыска кабар | 28 Авг 2019 | 830 | 0

Бишкек шаарынын Москва көчөсүнүн Манас проспектисинен Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүн оңдоп-түзөө иштери бүтүү алдында турат. Учурда куруучулар жолдун үстүнкү катмарына асфальт төшөө иштерин аяктады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 28-августта жолдун сапатын вице-мэр Уланбек Азыгалиев текшерип чыкты.

Көчөнү оңдоо иштери Кытайдын «Бишкек шаарынын жолдорун калыбына келтирүү» долбоорунун алкагында гранттык каражаттардын эсебинен жүрүп жатат.

Эске салсак, белгиленген планга ылайык оңдоо иши 30 күн ичинде аякташы керек болчу. Бирок Кытайдын «China Road и Bridge Corporation» компаниясы эки сменада иштегендигине байланыштуу жол белгиленген убактан эрте бүтүп,  колдонууга 30-августта берилет.

 

Copyright © 2017 Maral FM