Биз менен байланышыңыз

Ошто 28-августта сууга сүзүү боюнча мелдеш өтөт

Кыска кабар | 27 Авг 2019 | 367 | 0

Ош шаарында 28- августта саат 13:30да, Эгемдүүлүк күнүнө карата сууда сүзүү боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык дене- тарбия жана спорт комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Мелдешке Ош шаарында жайгашкан бардык мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери, шаардагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери жана шаар тургундары катыша алат.

Мелдеш эркектер жана аялдар арасында жаш курагына жараша төмөнкү 3 тайпага бөлүнүп өткөрүлөт:
1-тайпа- 25 жашка чейин;
2-тайпа- 35 жашка чейин;
3-тайпа- 40 жашка чейин.

Жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана дипломдор берилет. Иш-чара “Дельфин” бассейнинде өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM