Биз менен байланышыңыз

Аскаров: Жер-суу ресурстары – өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн негизи

Кыска кабар | 27 Авг 2019 | 588 | 0

Жер-суу ресурстарын эффективдүү колдонуу — Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн негизги болуп саналат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Чүй облусунун Красная Речка айылынын эмгекчилери менен жолугушууда айтты.

«Өкмөт ирригацияны өнүктүрүүгө олуттуу күч жумшап жатат. Ирригация жана талаптагыдай айыл чарба техникалары менен айрым өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн эки эсе жогорулатууга болот», — деди Замирбек Аскаров.

Анын айтымында, учурда калктын үчтөн эки бөлүгү айыл жеринде турат. Эмгек өндүрүшүн атаандаштык көрсөткүчүнө чейин жеткирүүнү жогорулатуу керек жана айыл чарбасындагы өндүрүштү электрификациялоо менен эмгек өндүрүшүн үч эсе көтөрүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Жолугушуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр жыйноочу айыл чарба техникаларынын, таңгактоо агрегаттарынын жана пресстегичтердин көрсөтүүсүн кыдырды.

Эске алсак, 2018-жылы Өкмөт айыл чарбасын колдоо үчүн бюджеттен «АЧК-6» программасы боюнча 6,6 млрд сом бөлгөн. Ушул жылдын августуна карата  «АЧК-7» программасы боюнча айыл чарбасындагы чарбалык субъекттерге 4,8 млрд сом бөлүнгөн.

Copyright © 2017 Maral FM