Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак беришти

Кыска кабар | 24 Авг 2019 | 405 | 0

Кечээ, 23-августта Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына 7-8 августундагы окуялар боюнча саясат тануучу Валентин Богатырев жана КСДП партиясынын мүчөсү Адил Турдукулов күбө катарында чакырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар күбө катарында суракка чакырылып, тергөөнүн сырын ачыкка чыгарбоо тууралуу тил кат беришти.

Кошумчалай кетсек, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кой-Таш айылындагы массалык башаламандык уюштурууга катышуу жана барымтага алуу фактылары кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып Жазык кодексинин 244-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,2,3,4 пунктунда (барымтага алуу) жана 264-беренесинин 3-бөлүмү (массалык баш аламандыктар) менен сотко чейинки өндүрүш  иш чаралары жүргүзүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM