Биз менен байланышыңыз

156 миңден ашык бала биринчи класска барат

Кыска кабар | 22 Авг 2019 | 483 | 0

Жаңы 2019-2020- окуу жылына биринчи класска 156 миңден ашык бала барат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим минстрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эң көп Жалал-Абад облусунан 25 миң 257 бала барып, эң аз Талас облусунан 10 миң 540 бала барат.

Чүй облусунан- 23,6 миң, Ош облусунан- 22 миң 210, Ысык-Көл облусунан- 15 миң 182, Нарын облусунан-13 миң 982, Баткен облусунан- 11 миң 443 бала мектептен билим алууга аттанышат.

Өлкө боюнча жаңы окуу жылында 1-класстан 11-класска чейин жалпы 1 млн.268 миң окуучу билим алмакчы.

Акыркы беш жылда окуучулардын саны шаар мектептеринде 25 пайызга, айыл аймактарында 14 пайыза өстү.

Өлкө боюнча жалпы 2 миң 256 билим берүү мекемеси бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM