Биз менен байланышыңыз

Азербайжан университети жаңы окуу жылына документтерди кабыл ала баштады

Кыска кабар | 3 Мар 2020 | 445 | 0

Азербайжан дипломатиялык академиясы университети 2020-2021-окуу жылына карата бакалавриат жана магистратура программалары боюнча чет өлкөлүк студенттерден документтерди кабыл алууну баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Чет өлкөлүк студенттер окуусунун гана төлөмүн көтөргөн «Алимердан бек Топчубашев» атындагы стипендиялык программага катышса да болот. Стипендияга керектүү документтерди ушул жылдын 5-апрелине чейин тапшыруу зарыл.

Бакалавриат программасы боюнча:

  • Эл аралык мамилелер;
  • Бизнести башкаруу;
  • Экономика;
  • Социалдык мамиле;
  • Укук таануу;
  • Компьютердик сабаттуулук

Магистратура программасы боюнча:

  • Мамлекеттик башкаруу;
  • Билим берүү тармагындагы менеджмент;
  • Эл аралык мамилелер;
  • Бизнести башкаруу.

Кошумча маалыматты университеттин расмий сайтынан алса болот: https://www.ada.edu.az/.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM