Биз менен байланышыңыз

Чүй: Беш стационардык постко видео камералар орнотулду

Кыска кабар | 21 Авг 2019 | 410 | 0

Чүй облусунун беш стационардык постторунда видео байкоо камералары орнотулду. Бул тууралуу Жол кыйымылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Видеокамералар, бардык посттордун ички жайларын, ошондой эле бүтүндөй тышкы аянтын камтыйт. Транспорт каражаты токтогондон, документтерди текшерүүдөн жана инспекторлордун бардык аракеттери видеого жазылат.

Интернет-булагы боюнча реалдуу убакыт шарттарындагы бардык видеокамералардан жазуулар  Жол кыйымылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын борбордук мониторунда чагылдырылат жана жооптуу кызматкерлер тарабынан көзөмөлгө алынып, жазуулар серверде 30 сутка сакталат. Зарыл болгон учурларда видеотасмалар каралат.

Ошондой эле, издөөдө жүргөн жана анын ичинде төлөнбөгөн айып менен изделген автотранспорт каражаттарын, атайын унаалардын өздүгүн аныктай алган программалык камсыздоо менен камтылмакчы.

Жогоруда көрсөтүлгөн видео байкоо камералары Чүй облусунун Киргшелк, Ленин, Ак-Жол, Военно-Антоновка жана Сосновка айылдардагы стационардык посттордо орнотулган.

Copyright © 2017 Maral FM