Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш жана Арашан айылынын тургундары президентке кайрылышты

Кыска кабар | 21 Авг 2019 | 809 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековго Кой-Таш жана Арашан айылынын тургундары кайрылуу катын жолдошту. Бул тууралуу Бүгүнкү КСДП өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Кайрылуу катында аталган айылдын тургундары Атамбаевди өздөрүнүн жүрөктөрүнүн каалоосу менен колдоп жатышканын жана анын азыркы бийликти сындагандыгы үчүн Атамбаевге жана анын жакындарына кылмыш иштери козголуп жатканы айтылып, мындай чечимди адилеттүүлүктү жана мыйзамды одоно бузуу катары баалашкандыгын билдиришкен.

Мындан сырткары,7-8- августта Кой-Таш айылында болгон окуяны жөнгө салууга катышкан  айылдын тургундарынын балдарына куугунтуктоолор болуп, кылмыш иштери ачылып жатканын айтышып, кыргызстандыктарды эки ажырымга бөлбөөгө жана күч колдонууга буйрук бергендерди кызматтан бошотууну талап кылышкан.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM