Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар»: 400 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталды

Кыска кабар | 21 Авг 2019 | 795 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Коопсуз шаар» жана «Бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун ишине мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жылдын 8 айында Бузуулардын бирдиктүү реестри тутумунда 267 миңден ашуун протокол катталып, 426 млн сомдон ашык суммага айып салынган.

Жеңиш Разаков Бузуулардын бирдиктүү реестри тутумун мындан ары карай өркүндөтүү зарылдыгын белгилеп, ИИМге бир жумалык мөөнөттө «Коопсуз шаар» автоматташтырылган маалыматтык тутумун Бузуулардын бирдиктүү реестрине интеграциялоону тапшырды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аалыматына ылайык, бүгүнкү күнү «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 400 миңден ашуун жол кыймылынын эрежелерин ар түрдүү бузуулар катталган. Алардын ичинен 178 миңдей бузууга 200 млн сомдон ашуун төлөнгөн. Бишкекте фото жана видеобайкоо камералары орнотулган жерлерде жол кырсыктары 52% кыскарган. Денесинен ар түрдүү жаракат алгандардын саны азайган. Чүй облусунда аппараттык-программалык комплекстер коюлган жерлерде  жол кырсыктары 70% чейин кыскарды.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тийиштүү мамлекеттик органдарга «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын сапаттуу жана өз убагында ишке ашыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Copyright © 2017 Maral FM