Биз менен байланышыңыз

Атамбаевди кармоо операциясы: Жаракат алган атайын бөлүктүн аскери каза болду

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 4370 | 0

Атамбаевди кармоо боюнча атайын операцияда жаракат алган атайын бөлүктүн аскери каза болду. Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында, ага ок тийген. «Ок жүрөгүн тешип кетиптир. Каза болуп калды», — деген Жумабеков дагы бир аскерге операция жасалганын кошумчалады.

Саламаттыкты сактоо министрлиги үй тараптан атылган аскердик ок чопкуттан өтүп, анын көкүрөгүн жаралаганын кабарлады. Андан тышкары, дагы 25 адам ооруканага жатты. Аларга желим ок тийген жана башка ар кандай жараат алышкан. Министрлик буга чейин жабыркагандардын саны 23кө жеткенин, анын экөөсү атайын кызматтын жоокери экени айтылган.

Ушул тапта Кой-Ташта 10 «Тез жардам» бригадасы иштеп жатат.

УКМК мурдагы Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операцияда атайын багыттагы аскерлер тарабынан желим октор колдонулганын, тескерисинче, Атамбаевчилер тарабынан согуштук куралдан ок атылып жатканын айтып билдирүү тараткан болчу.

Кой-Таш: Барымтага алынган аскерлер окуянын кандай болгонун айтып берди

Copyright © 2017 Maral FM