Биз менен байланышыңыз

ТИМ Лукашенконун Бакиев менен расмий жолугушканына нааразычылык билдирди

Кыска кабар | 7 Авг 2019 | 521 | 0

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Беларусиянын элчисине наарачылык нота тапшырды. Анда расмий Бишкек Беларусь бийлигинин Кыргыз мамлекетинде соттолгон адам менен расмий жолугушууларды улантып жатканына каршылык билдиргени айтылат.

Беларус президенти Александр Лукашенко 6-августта көз карандысыз сарайда Курманбек Бакиевди тосуп алып, аны 70 жашка толгондугу менен куттуктаган. Ага “Көчмөндөрдүн бүркүт менен мергенчилик кылуусу” аттуу китеп, кылыч жана гүл белек кылган.

Беларус президентинин сайты бул жолугушуунун видеосун да жарыялаган.

“Кыргыз тарап бул жолугушууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикаларынын пайдаланылышын жана кыргыз-беларусь достугу жөнүндө сөз болушун такыр туура эмес деп эсептейт жана мындай иш-аракеттер эки мамлекеттин ортосундагы достук жана кызматташтык принциптерине жооп бербейт”, — деп айтылат маалыматта.

Муну менен Кыргызстан Беларусь мамлекетинин расмий бийлигин бул абалга болгон көз карашын өзгөртүүгө чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM