Биз менен байланышыңыз

Улуу Британиядагы элчи Эдил Байсалов кызматына расмий киришти

Кыска кабар | 7 Авг 2019 | 504 | 0

Кыргызстандын Улуу Британия Бириккен Королдугу жана Түндүк Ирландиядагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эдил Байсалов кызматын аткарууга расмий киришти.

Кечээ ал Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин протокол департаментинин директорунун орун басары Эбигейл Бойл айым менен жолугуп, ишеним громатанын көчүрмөсүн тапшырган.

Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин маалыматтык департаменти кабарлады.

Жолугушууда элчи Эдил Байсалов Улуу Британиядагы өз миссиясынын жүрүшүндө кыргыз-британ мамилесин мындан ары бекемдөөгө бардык аракетин жумшаарын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM