Биз менен байланышыңыз

Дордой-1 конушунда кампа өрттөндү

Кыска кабар | 5 Авг 2019 | 449 | 0

Дордой-1 конушундагы кампадан өрт чыкты. Өрт болгон жерде куткаруучулар иштеп жатышат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кечээ кечке жуук Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Дордой-1 конушунун 9-көчөсүндө үй-тиричилик техникаларын сактоочу кампадан өрт чыккан. ӨКМдин Өрткө каршы кызматы кечки саат 22лерде өрттү чектөөгө алган. Учурда толук өчүрүү, куткаруу иштери жүрүп жатат.

Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Өрттөн темирден курулган болжол менен 1700 чарчы аянттагы кампа толугу менен күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө ӨКМ тарабынан жалпы 6 бөлүм тартылган. Мындан сырткары Тазалык муниципалдык ишканасынан 5 суу ташуучу унаа, тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТ мекемесинен 1 бригада, ИИМден 40 кызматкер тартылган.

Айрым маалыматтарга караганда тилсиз жоо кампага жанаша жайгашкан турак үйлөргө да кооптуулук жаратканы айтылууда. Өрт алган кампанын айланасындагы бир канча үйдүн тургундары кырсык убагында башка жакка көчүрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM