Биз менен байланышыңыз

Казакстанда жол кырсыгынан 5 кыргызстандык каза болду

Кыска кабар | 2 Авг 2019 | 532 | 0

Казакстандын Кызыл-Ордо облусунда катталаган жол кырсыгында кыргызстандык 5 жаран каза болду. Бул тууралуу Кызылордо облустук полиция департаментинин башчысынын милдетин аткаруучу Амиржан Утегенов жергиликтүү ЖМКларга билдирген.

Жол кырсыгы Батыш Европа — Батыш Кытай жолунда кечээ катталган. Жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа кагышкан.

Бүгүнкү күндө «КамАЗдын” айдоочусуна карата кылмыш иши козголду. Алдын ала маалымат боюнча ал жеңил унаага жол бошоткон эмес. Эгер анын айыбы далилденсе, ал 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Сотко чейинки иштер жүргүзүлүп жатат”, — дейт Кызылордо облустук полиция департаментинин башчысынын милдетин аткаруучу Амиржан Утегенов.

Copyright © 2017 Maral FM