Connect with us

Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды

Кыска кабар | 1 Авг 2019 | 564 | 0

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Кыргызстанга иш сапары менен келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде чек ара, энергетика, аймактар жана парламенттер аралык кызматташуу маселелери талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков кыргыз-өзбек кызматташтыгын тереңдетүү өлкөнүн тышкы саясаты үчүн дайыма артыкчылыктуу багыт катары караларын билдирди. Президент бардык тиешелүү маселелер өз ара пайдалуу шарттарда чечилүүсү керектигин баса белгилеп, Өзбекстан менен эки тараптуу гана эмес, көп тараптуу кызматташууга да кызыкдар экендигин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча тараптардын ишин канааттануу менен белгилеп, Кыргызстан жана Өзбекстандын чектеш аймактарынын ортосундагы кызматташуусун мындан ары тереңдетүүнүн маанисин белгиледи.

Өз кезегинде Абдулла Арипов эки мамлекет башчыларынын жасаган аракеттеринин натыйжасында эки өлкөнүн мамилелери жаңы, сапаттуу деңгээлге чыкканын, соода-экономикалык мамилелерде алгылыктуу өсүү болгонун баса белгиледи.

Абдулла Арипов президенттер тарабынан белгиленген эки өлкө ортосундагы бардык маселелер, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсүн 1 млрд АКШ долларына чейин жеткирүү боюнча да өкмөттүк деңгээлде иш жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Ал ошондой эле Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандын Шанхай Кызматташтык Уюмундагы ийгиликтүү төрагалыгы менен куттуктап, Кыргызстандын жетекчилигинин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоодогу жемиштүү ишин, өзгөчө аймактарды өнүктүрүү боюнча демилгелерин баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM