Биз менен байланышыңыз

Президент Өзбекстанга дары-дармектерди биргеликте өндүрүүчү ишкана ачууну сунуштады

Кыска кабар | 12 Мар 2021 | 498 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-мартта, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Садыр Жапаровдун айтымында, биринчи кезекте кыска убакыттын ичинде эки тараптуу кызматташуу боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынын уюштуруу керек.

Президент дүйнөлүк экономикалык кризиске карабастан, өз ара соода жүгүртүүдө оң динамика сакталып тургандыгын белгиледи.

Ошондой эле Садыр Жапаров экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн жаңы аянтча болуп кала турган жана чек ара соодасын өнүктүрүүдө кыргыз-өзбек ишкерлеринин ортосунда түз байланышты жолго коюуга мүмкүнчүлүк түзүп бере турган Кыргыз-Өзбек ишкерлер кеңешин түзүлүшүнө оң пикирин айтты. Кеңештин биринчи жыйыны Ташкент шаарында кыргыз-өзбек бизнес форумунун алкагында өткөн.

Мындан сырткары президент Өнөр жай кооперациясы жаатында кызматташууну кеңейтүү боюнча, анын ичинде биргелешкен айыл чарба ишканаларын түзүү долбоорлорун чогуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстанда дары-дармектерди, медициналык шаймандарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүүнү сунуш кылды.

Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Өкмөтү менен тыгыз кызматташууда жетишилген бардык келишимдерди жүзөгө ашырууга толук даяр экенин айтып, өзбек тараптын өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйындарын өткөрүүгө Кыргызстанга каалаган ыңгайлуу учурда бара аларын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM