Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев өзбекстандык кесиптеши Абдулла Арипов менен сүйлөштү

Кыска кабар | 23 Мар 2020 | 414 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ Өзбекстандын Өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүү учурунда эки жактуу кызматташтыктын учурдагы маселелери, республикалардагы коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаал жана анын жайылышына жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасына байланыштуу маселелер талкууланды.

Тараптар эки өлкөнүн элинин кызыкчылыгы үчүн актуалдуу маселелер боюнча маалыматтарды ыкчам алмашууну жүзөгө ашырууга макулдашты. Коңшу өлкөдөн импорттолгон азык-түлүк жана башка товарларды жеткирүү адаттагы режимде үзгүлтүксүз ишке ашырылып турат.

Copyright © 2017 Maral FM