Биз менен байланышыңыз

Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Өзбекстанга барат

Кыска кабар | 1 Ноя 2019 | 552 | 0

Бүгүн, 1-ноябрда өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Өзбекстанга барат. Делегация менен кеткен кабарчыбыз билдирген алдын ала маалымат ылайык, кошуна өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушат. Эки өлкөнүн Өкмөт башчылары буга чейин жетишилген келишимдердин аткарылышы жана соода-экономикалык кызматташууну талкуулашат.

Ошондой эле, Шанхай Кызматташтык Уюумуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн ар тараптуу сооода алакасы, товар-экономикалык кызматташуунун жаңы долбоору кабыл алынаары күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM