Биз менен байланышыңыз

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга расмий иш сапарына даярдык көрүлүүдө

Кыска кабар | 1 Авг 2019 | 549 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет. Бул Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөт башчыларынын жолугушуусунун күн тартибиндеги башкы маселе экенин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандык кесиптеши Абдулла Арипов менен жолугушууда белгиледи.

Анын айтымында, Тышкы иштер министрликтер аркылуу даярдык иштери, иш сапардын графиги иштелип жатат. Тар чөйрөдөгү жолугушууда Абылгазиев эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгы жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын, бул өз кезегинде эки тараптуу мамилени бекемдөөгө өбөлгө болорун айтты.

Өз кезегинде Арипов эки өлкөнү миң жылдык достук жана ынак кошуналык  мамиле бириктирип турганын белгилеп, көптөгөн каада-салттар окшоштугун, Эки өлкөнүн тарыхы бир экенин белгиледи.

Арипов ошондой эле кыргыз-өзбек алакасынын жаңы – өз ара ишеним деңгээлине чыгышына мамлекеттин президенттеринин эмгеги зор экенин белгиледи.

Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга жасай турган расмий иш сапарынын күнү азырынча белгилене элек.

Copyright © 2017 Maral FM