Биз менен байланышыңыз

Өкмөт Жер ресуртары боюнча мамагенттик түздү

Кыска кабар | 1 Авг 2019 | 471 | 0

Кыргызстанда Өкмөткө караштуу Жер ресуртары боюнча мамлекеттик агенттиги түзүлдү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөттүн алдындагы Жер ресуртары боюнча мамлекеттик агенттиги жер ресуртарын жана жерге болгон укуктарын натыйжалуу башкаруу, жер ресурстары жана кыймылсыз мүлк боюнча толук кандуу геомаалыматтык тутумду түзүү, жер мыйзамдарын колдонуу жана сактоодо бирдейлигин камсыз кылуу, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоого байланыштуу топографиялык-геодезиялык жана жерге орноштуруу иштерин өз убагында жана сапаттуу аткаруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо максаттарында түзүлгөн.

Белгилеп кетүүчү жагдай, Жер ресуртары боюнча мамлекеттик агенттигинин түзүлүшү республикалык бюджеттен кошумча каржылык чыгымдарды талап кылбайт.

Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы агенттикти түзүү жөнүндө чечимди кабыл алып жатып 10 жыл мурда жүргүзүлгөн мамлекеттик башкаруу органдарын реформалоонун натыйжасында жер ресурстарын бирдиктүү мамлекеттик башкаруу тутуму жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо ажырап калганын белгиледи.

«Жоюлган агенттиктин ведомство алдындагы түзүмдүк бөлүктөрү ар башка министрликтердин жана ведомстволордун карамагына берилген. Бул республикада жер ресурстарын жана жерге болгон укуктарды башкаруунун натыйжалуулугуна таасир бербей кое алган жок. Ошентип, тарыхый документтердин жана картографиялык материалдардын бирдиктүү уникалдуу архиви ажыратылган, ал мурдагы СССРдин орто азиялык республикаларынын ортосунда чек салуу хронологиясы тууралуу маалыматтарды камтыйт», — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтымында, ар кыл министрликтердин жана ведомстволордун карамагына берилген түзүмдөр азыркы кезге чейин толук кандуу иштей албай жатышат, анткени бул министрлик жана ведомстволордун милдеттери ушул түзүмдөрдүн ишинин негизги багытына дал келбейт.

«Ошону менен бирге мамлекетте жер ресурстарын жана жерге болгон укуктарды башкаруу саясаты бирдиктүү мамлекеттик башкаруу органына жүктөлүшү керек. Мунун баарын эске алуу менен Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресуртары боюнча мамлекеттик агенттигин түзүү чечими кабыл алынды», – деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

2009-жылдын октябрында өлкөнүн мамлекеттик башкаруу органдарын реформалоого чейин жер ресурстарын жана кыймылсыз мүлктү бирдиктүү жана натыйжалуу башкаруу тутуму — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги иштеген.

Бул мезгилде жер мамилелерин жана жерге орноштуруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо маселелерин жөнгө салуу ыкчам жана сапаттуу чечилип, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоого байланыштуу топографиялык-геодезиялык жана жерге орноштуруу иштери өз убагында аткарылып келген. Ошону менен бирге ведомстволор арасындагы кызыкчылыктардын карама-каршылыгы жоюлуп, бул мамлекеттик масштабдагы милдеттерди создуктуруусуз аткарууну шарттаган.

Copyright © 2017 Maral FM