Биз менен байланышыңыз

Ош: Май куюучу жайда чыккан өрттөн

Кыска кабар | 1 Авг 2019 | 416 | 0

Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунда куйуучу жайында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Такталган маалымат боюнча, шаардын Ак-Тилек кичи районунун Мамыров көчөсүндө жайгашкан Петролеум май куйуучу жайындагы күйүүчү май ташыган унаадан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМге саат 22:23тө маалымат келген. Саат 23:09да өрт чектөөгө алынып, 23:45те толук өчүрүлгөн.

Келтирилген чыгымдын көлөмү эсептелип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM