Биз менен байланышыңыз

Эсептөө палатасынын башкы инспекторунун каржылык укук бузууларды жашыргандыгы аныкталды

Кыска кабар | 29 Июл 2019 | 692 | 0

Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Эсептөө палатасынын башкы инспектору А.Н. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактысы аныкталды. Ал Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигиндеги кызматкерлердин каржылык укук бузууларын жаап жашырган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 27-июнда Эсептөө палатасынын башкы инспектору А.Н Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси боюнча айыпталып, Биринчи май райондук соту тарабынан УКМКнын убактылуу кармоочу жайында 1 айлык мөөнөткө кармоого баш коргоо чарасы бекитилди.

Copyright © 2017 Maral FM