Биз менен байланышыңыз

Финпол бирдиктүү эсепке дагы 7 миллион акча которду

Кыска кабар | 29 Июл 2019 | 500 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы) Бирдиктүү депозиттик эсепке дагы 7 миллион 572 миң 41сом акча которду.

Финпол которгон каражат ушуну менен 763 миллион 324 миң 948 сомго жетти. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Аталган каражаттар коррупционерлер тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн топтолууда.

Бирдиктүү эсепке Улуттук коопсуздук комитети, Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратура да коррупционерлерден өндүргөн каражатты которушат.

Copyright © 2017 Maral FM