Биз менен байланышыңыз

Москвада каршылык акциясына чыккан 1000дей киши кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Июл 2019 | 476 | 0

Москва шаардык кеңешин шайлоого катталбай калган кандидаттарды колдоо максатында уюштурулган митинг миңдеген жарандардын кармалуусу менен аяктады.

Ишемби, 27-июлда өткөн митингде миңдеген адамдар анын ичинде жазуучу Виктор Шендерович, Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун директору Иван Жданов, оппозиционер Дмитрий Гудков, катталбай калган талапкерлер Илья Яшин, Любовь Соболь жана Юлия Галямина жана бир канча журналистер кармалган. ОМОН менен болгон кагылышуудан бир канча активистер жаракат алып, бир канча митингчилер “Тез жардам” кызматы менен ооруканаларга жеткирилген.  «Baza» журналисттик долбоор билдиргендей, митингден 77 киши жабыркаган.

Москва шаардык Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, митинге 3500 киши катышкан жана алардын 700гө жакыны блогерлер жана журналистер болгон. Ал эми көз кандысыз журналистер митинге катышкандардын санын 5 миңден 10 миңге чейин жеткенин айтышууда. Мындан сырткары кармоо иштери акция башталганга чейин эле башталганы да айтылууда.

Кошумчалай кетсек, кезектеги каршылык акциясы 3-августка пландалып жатканын бир катар орус басылмалары жазды.

 

Copyright © 2017 Maral FM