Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «ОЙМО» фестивалынын алкагында көргөзмө уланууда

Кыска кабар | 28 Июл 2019 | 486 | 0

Бүгүн, 28-июлда салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык «ОЙМО» фестивалынын алкагында көргөзмө Бишкек шаарында “Ала-Тоо” кинотеатрынын жанындагы Курманжан Датка аянты, “Эмен багы” галереясы, Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залы, Гапар Айтиев атындагы Улуттук Көркөм өнөр музейинде өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ал эми, Чолпон-Ата шаарында 30-июлдан 4-августка чейин Экоборбордун маңдайындагы парктык аймак, Ысык-Көл районунун акимиатынын жыйындар залы, Чолпон-Ата шаарынын тарыхый-край таануучу музейи, Экоборбордун имаратында өтөт.

«Оймо» эл аралык фестивалы маданий мурастарды сактап калуу, салттуу билимдердин муундан муунга өтүүсүн жандандыруу, Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, ошондой эле, Кыргызстандын бермети – Ысык-Көлдү экологиялык таза маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу максатын көздөйт.

Фестивалга кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство ишмерлери, Кыргызстандагы этникалык диаспоралардын өкүлдөрү, студенттер, жаштар, балдар, Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларынын тургундары жана меймандары катышууда.

Улуу Жибек Жолунун салттарын улай фестивалдык аянтчанын борборунда Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Ооганстан, Өзбекстан, Грузия, Орусия, Индия өлкөлөрүнөн келген кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулду.

Быйыл «Оймо» фестивалы Кыргызстанда 14-жолу өткөрүлүп жатат жана мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн негизинде материалдык эмес маданий мурасты сактоонун жана Кыргызстандагы маданий туризмдин өнүгүүсүнүн үлгүсү болуп саналат.

Аталган фестиваль салт катары 2006-жылдан бери жыл сайын июль айынын акыркы жумасында Бишкек шаарынан башталып, Ысык-Көлдүн жээгинде уланып келет.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM