Биз менен байланышыңыз

Индияда 8,3 млн адам суу каптаган аймакта калды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июл 2019 | 570 | 0

Индиянын түндүк тарабындагы Бихар штатында суу каптоолордон улам 127 адам каза болду. Бул тууралуу Times of India басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Бихар штатында 8,3 миллион адам суу каптаган аймакта калган. Мындай жагдай 30-июлга чейин уланышы мүмкүн.

Буга чейин 5 миллиондой тургун жашаган аймак суу астында калганы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM