Биз менен байланышыңыз

Филиппин: Зилзаладан адамдар каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июл 2019 | 508 | 0

27-июль, ишемби күнү Филиппинде катталган жардыруудан аз дегенде 8 адам каза болду. Бул тууралуу ТАСС  агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Филиппинде бүгүн таңга жуук күчү 5,9 баллга жеткен 9-1- км тереңдиктеги жер титирөө 2 ирет орун алган. Анын айынан 8ден ашык адам каза болуп, 60тайы жабыркаган. Бул көрсөткүч дагы өсүшү мүмкүн экендиги айтылууда. Буга чейин 12 адамдын жабыркаганы айтылган болчу.

Филиппиндин зилзала катталган Итбаят аймагында 3 миңдей тургун жашайт. Жер титирөөдөн улам цунаминин пайда болуу коркунучу жаралышы боюнча так айтылган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM